• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Парламент Аида Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

1 Чын куран 202019:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы вице-премьер-министр жана саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карады. Талапкерлерди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова («Республика – Ата Журт»), ал эми саламаттыкты сактоо министри кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырышты.

Премьер-министрдин айтымында, Алтынай Өмүрбекова (вице-премьер министр) жана Космосбек Чолпонбаев (саламаттыкты сактоо министри) кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан. Алардын өтүнүчү кабыл алынып, эртең менен кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 146