• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Парламент аткезчиликке каршы күрөштү канааттандырарлык деп баалады

5 Бештин айы 2019 19:21 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жана аткезчилик менен ташылып келген товарларга каршы жүргүзгөн ишин Жогорку Кеңеш жетишсиз деп тапты.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет бул маселени Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет менен бирге карап, ага «канааттандырарлык эмес» деп баа берген. Бирок депутат Өмүрбек Бакиров аны «жетиштүү эмес» деп өзгөртүүнү сунуш кылып, жыйынга катышып отурган 74 депутат колдоду.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов муну менен парламент өзүн өзү жаман көрсөтүп алганын айтты жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон «эмки алты айлыкта алгылыктуу иштерди жасагыла» деп талап кылды.

Кыргызстанда аткезчиликтин, коррупциялык схемалардын айынан көмүскө экономика көйгөйү курчуганы расмий деңгээлде айтылып келатат.

Количество просмотров: 12