Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги талкууланып, колдоо тапты.
Парламенттин 77 депутаты Каныбек Иманалиевдин билим берүү министри кызматына талапкерлигин колдоду, каршы болгондор жок.
Иманалиевди 24-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.