• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Парламент өлкөнүн аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макул болду

7 Үчтүн айы 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш ЖККУнун алкагында кыргызстандык аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макул болду. Анда 69 депутат — макул, 7 депутат — каршы добуш берди.

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтөт. Буга чейин маалым болгондой, Казакстанда кыргыз аскерлери стратегиялык объектилерди кайтарат.

Деген менен Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдында бүгүн, 7-январда да жарандар чогулду. Алар Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Казакстанга ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн катарында жөнөтүүгө каршы болуп жатышат. Кечээ, 6-январда да митинг өткөн.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Количество просмотров: 518