Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова аялдардын жергиликтүү кеңешке мүчө болуу маселесине Борбордук шайлоо комиссиясы көңүл бурушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында айтып, аялдар арызданып жатканын белгиледи жана шайлоодон уткан партиялар менен иш жүргүзүүгө чакырды:
“Шайлоодон өткөн партиялардын ар биринде 30% аялдар болушу керектигин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жөнгө салсын деп кайрылат элем. Себеби аялдар кайра эле сыртта калып жатканын айтууда», — деди депутат.
Айылдык кеңештеги орундардын 30 процентин аялдарга калтыруу тууралуу мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул эреже быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоолордо алгач ирет колдонулду. 7560 орундун 2943үн аялдар ээлеши керек.