• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Парламент таркабайт. Азыркы депутаттар 2020 жылга чейин иштей турган болушту

27 Кулжа 2018 11:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.06.2018.Govori.TV.
2020-жылы Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо болот. Бул тууралуу бүгүн, президент парламентте сүйлөп жатып айтты.
«Ушул маанилүү саясий учурга байланыштуу жеке көз карашымды мекендештериме дагы бир ирет билдире кетейин. Мен Кыргызстанда парламенттик демократия орношун көздөйм. Кыргызстанда авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюш керек деп эсептейм.Менин тереӊ ишенимимде, кыргыз коомунун кыртышына жана табиятына  парламенттик демократия туура келет. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо стабилдүүлүктүн бекем орношуна негиз болот. Акырындап, ушул чоӊ саясий реформаны ишке ашыруу – келечектеги максатыбыз»,- деди Сооронбай Жээнбеков.
Бул максатка жетүү үчүн биринчи кезекте Жогорку Кеӊеш өзү даяр болушу керек, дейт президент. Анын айтымында, өлкөнүн келечегине, өсүп-өнүгүүсүнө, жарандарыбыздын жакшы жашоосуна жеткирчү багыттарды аныктап, Өкмөт менен чогуу жоопкерчиликти моюнга алып, иштөөсү зарыл.
«Келерки шайлоонун бардык этабын ачык, таза, адилеттүү өткөрүү керек.Добушту эсептөө этабындагы ачык айкындыкка жетише алдык. Үгүт учурунун адилеттүүлүгүн  камсыздап, алдын ала добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жоюу зарыл.Бардык өзгөрүүлөр, тиешелүү мыйзам нормалары шайлоого бир жыл калганга чейин кабыл алынып, “оюн эрежелери” так аныкталып, кийин өзгөрбөй, туруктуу болушу зарыл», деп айтты президент.
Мамлекеттик органдар бул милдеттерди аткарууга өтө кылдат, бийик жоопкерчилик менен даярданышы керек.
«Шайлоого катыша турган бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп, анык саясий атаандаштыкты камсыздоого жетишибиз  керек. Партиялар шайлоонун бардык этабында мыйзам нормаларын бузбай, саясий атаандаштыктын мыйзамдуу жолдорун гана колдонушу зарыл. Парламенттин сапаты – партиялардын  тизмесинин сапатынан көз каранды. Партиялардын баары дээрлик идеалдуу тизме түзүшөт. Бирок, шайлоодон кийин тизмени партия жетекчилери өзгөртүп жибергенин билебиз.Шайлоочу добуш бергенден кийин депутаттыка талапкерлердин партиялык тизмеси өзгөрүүсүз калууга тийиш», — дейт өлкө башчы.
Депутаттык мандатты алуу кезеги — партиянын лидеринин эмес, шайлоочулардын, элдин тандоосу менен аныкталаарын камсыз кылуу керек, дейт Сооронбай Жээнбеков.
Количество просмотров: 24