Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги отурумунда парламенттин депутаттарын шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө 76 депутат “макул”, бир эл өкүлү “каршы” деп добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
Мыйзам долбооруна ылайык, өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, анын ар биринде үчтөн депутат шайланат. Алардын ичинен эки мандат эркектерге, бир мандат аял кишиге берилет. Ошондо жок эле дегенде 90 мандаттын 30ун аялдар алат. Эгерде өз округунда көп добуш алып биринчи, экинчи орунга чыкса, анда аял депутаттардын саны дагы көбөйөт. Бир шайлоочу бир эле талапкерге добуш берет.
Ушул тапта иштеп жаткан мыйзам боюнча өзүн өзү көрсөткөн талапкер 100 миң сом күрөө төлөшү керек, жаңы сунушта бул сумма 300 миң сомго көбөйүп жатат. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлөт.
Депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Мандат ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге берилет.