• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламентке Кубанычбек Нурматовдун ордуна жаңы депутат келди

30 Баш оона 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматовдун ордуна «Кыргызстан» партиясынан Улугбек Садиков депутат болду. Ага Жогорку Кеңештин күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Улугбек Садиков «КАМАЗ» түштүк автоборбору», «Ош» тоо-лыжа базасы» ЖЧКларынын, «Араван-Береке» дыйкан чарбаларынын ассоциациясынын — юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси болуп саналат. «Кыргызстан-Кытай» достук коому» коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Эске салсак, кечээ, 29-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматовдун («Кыргызстан») ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды. Нурматов өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.

Количество просмотров: 139