• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Парламентте COVID-19 боюнча комиссиянын корутундусун угуу сунушталды

27 Үчтүн айы 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова коронавирус боюнча комиссиянын корутундусун угууну сунуштады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 27-январда парламенттин жыйынында билдирди.

«Вице-премьер-министрди Жогорку Кеңешке чакырып, комиссиянын жыйынтыгын угууну сунуш кылам», — деди Строкова.

Буга чейин коронавирустун алгачкы толкуну маалында өкмөткө караштуу мекемелердин ишиндеги мүчүлүштүктөрдү атайын комиссия иликтеп чыккан. Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү кирген.

Количество просмотров: 52