• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Экс-депутат Евгения Строкова кайра шайлоого катышат

24 Үчтүн айы 202213:24 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Евгения Строкова №29 Свердлов округунда өтүүчү кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, №29 Свердлов округу боюнча 27, №27 Биринчи Май округу боюнча 21адамдан талапкер болуп катталуу тууралуу арыз түштү. Алардын арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Элвира Сурабалдиева, Ирина Карамушкина, Шайлообек Атазов жана Рыскелди Момбеков бар.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Аталган эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Количество просмотров: 123