Кыргызстанда Министрлер кабинетинин жаңы курамы ишке киришти. Бул Кыргызстан президенттик башкаруу формасына өткөндөн берки президент Садыр Жапаровдун толук кандуу өкмөтү. Кертилип, жоюлуп, кошулган Министрлер кабинетинин жаңы түзүмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованын пикирин угуп, «эмне үчүн Министрлер кабинетинин жаңы курамына аялдар кирбей калды?» деген суроо салдык.
Депутат айымдын айтымында, саясатта күндөн-күнгө гендердик теңчилик сакталбай жатат.
«Жаңы курамга аялдардын кирбей калганы өкүндүрөт. Деген менен өткөн аптада мен Министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн колдоп добуш бердим. Иштеп көрүшсүн деген ой. Бирок өлкөгө эки Жапаров көптүк кылат»,-деди Строкова.