• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Строкова: Чимкирик болуудан тажаган жоксуңарбы?

10 Жалган куран 2021 14:20 Бишкек Govori.TV

Чимкирик болуудан тажаган жоксуңарбы? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова бүгүн, 10-мартта өткөн жыйында кесиптештерине узатты.

«Садыр Нургожоевич алыстан туруп демилге көтөргөндөй болду, бирок акыр аягында Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп жатат. Баарыңыздар чимкирик болуудан тажаган жоксуздарбы? Караңыздарчы, бийлик ушунчалык узурпацияланган. Президент үй комитетинин башчысынан башкасынын баарын дайындайт экен. Депутаттар, сиздер дагы бул өзгөрүүгө макул эмессиздер, бирок бир нерседен коркуп эле колдоп жатасыздар», — деди Строкова.

Количество просмотров: 137