• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Строкова: Абылгазиев менен Карасартовага караганда мен өзүмдү кыргыз деп көбүрөөк сезем

4 Бештин айы 2019 11:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында КСДПнын депутаты Евгения Строкова Карасартованын кызматка дайындалуусун сынга алып, аны «бүлдүргүч» деп атады.

Кайсы жакта туруксуздук болсо, Карасартова ошол жерде. Алмаз Шаршеновичтин тушунда ал дайыма ага каршы болуп жүрдү, качан гана ал жактан туруксуздук боло баштады, ал дароо ошол лагерге өтө калды. Аны билим берүүнү солгундатсын деп дайындаштыбы? , — деди депутат.

Мындан тышкары депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Рита Карасартовага караганда өзүн көбүрөөк кыргыз сезээрин айтып өттү. Жана өкмөттүк эмес уюмдардын кээ бирлерин таптакыр жаап салыш керек экенин билдирди.

Ал эми Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп жаңы дайындалган Рита Карасартова эл өкүлүнө жооп кайтарып, ага ишенип берилген тармакты оңдой ала турганын кызматы менен көрсөтөрүн айтты.

Аябай капа болгонум — биздин парламентте баа бергенди, сын айтканды билбеген адамдар отурат. Ал депутат мен мамлекетти бүлдүрүп жатканымды эмне менен өлчөгөнүн көрсөтүп берсе жакшы болот эле. Эмнени талкалаганымды атаса. Депутатка каалаарым — жакшы маанай. Өзүн кыргыз деп сезсе кыргызча сүйлөп, ой жүгүртүп, кыргыздын кызыкчылыгын коргой берсин. А мен билим берүүнүн ушул тармагын оңдой аларымды иш менен көрсөтүүгө даярмын. Депутат телекөрсөтүү аркылуу бетме-бет талкууга чыгам десе даярмын, — деди Карасартова.

Белгилей кетсек, Карасартова жалпы коомчулукка сот, укук тартибин коргоо тармагындагы кемчиликтерди дайыма ачык айтып келе жаткан жарандык активист катары таанылган.

Количество просмотров: 1410