• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Дастан Догоевге жол ачылды

28 Бугу 201911:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин карап колдоду.

Догоевди бул орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп жатат. Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Дастан Догоев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда президенттин коомдук кеңешчиси. Анын ысымы быйыл февралда ачыкка чыккан паспорт жана тендер чырында аталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү.

Количество просмотров: 14