• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Парламентте Мадумаровдун ордуна ким добуш бергени такталып жатат

30 Чын куран 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

27-апрелдеги парламенттин жыйынында «Контрчалгындоо иши жөнүндө» (демилгечи – Өкмөт, 09.12.19 №671 токтом) мыйзамдын долбооруна экинчи окууда добуш берилди. Анда мыйзамга каршы болуп жаткан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун «макул» добуш бергени талкуу жаратты.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын катчылыгы 27-апрелдеги отурумга Адахан Мадумаров жүйөлүү себептер менен катышпаганын, учурда анын ордуна ким добуш бергени такталып жатканын билдирди.

«Адахан Кимсанбаевич тармактык комитеттин жыйынында “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбооруна кескин түрдө каршы чыгып, аны өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарын берген, бирок демилгечи топ ал сунуштардын баарын четке кагып, Жогорку Кеңештин сессиясына экинчи окууга киргизген. 27-апрель күнү болуп өткөн отурумга Адахан Кимсанбаевич жүйөлүү себептер менен катышкан эмес. Анын ордуна ким добуш бергени такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 573