• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Парламентте жаңы депутат ант берди

1 Аяк оона 202111:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Абдугапаров Авазбек Абибулаевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ал «Кыргызалтын» компаниясынын башчылыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Количество просмотров: 124