• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Парламентти таратуу жөнүндө жарлык мыйзамдуу деп табылды

21 Кулжа 20199:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.

Украинанын Конституциялык соту 20-июнда президент Владимир Зеленскийдин парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо жөнүндө жарлыгын мыйзамдуу деп тапты.

Бул тууралуу «Азаттыктын» украин кызматы кабарлады.

Владимир Зеленский 20-майда ант берип президенттик кызматка киришкенден кийин Жогорку Раданы таратуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлда өтөрү айтылган.

Бирок парламентарийлер президенттин жарлыгына макул болбой, аны талкуулоодон баш тартып, документти жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылышкан.

Количество просмотров: 13