Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-декабрдагы отуруму улантылып жатат. Кезеги келип сөз алган вице-спикер Аида Касымалиева Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болгон Айеркен Саимаитинин өлүмү боюнча суроо узатты.
«Саимаитинин өлүмү боюнча түрк полициясы менен кызматташуу кандай абалда? Качан маалымат чыгат?», — деген суроосун УКМКга узатты.
Бүгүнкү жыйынга УКМКнын башчысынын биринчи орун басары Талант Салиев катышып жаткан. Депутаттын бул суроосунан кийин аны ордунан таппай калышты.
«Келсин, күтүп турабыз», — деди А.Касымалиева.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: «УКМКнын орун басарын (УКМКнын төрагасынын орун басары) чакырып койгула», — деп суранды.
Башка жетекчилер суроолорго жооп берип бүткөндөн кийин А.Касымалиева: «ГКНБ (УКМК) келдиби?», — деп сурап, бирок Т.Салиевди табышкан жок.
Андан кийин А.Касымалиева: «Жоопкерчиликке тартылышы керек, эмне үчүн азыр кетип калды? Чара көрүлүшүн талап кылам, кимден суранып кетти? Менин суроомо ким жооп берет? Жеңиш Парпиевич…
Эмне үчүн, залдан өзү эле кете береби?!», — деп сөзүн бүтүрдү.
Бир аз убакыттан кийин Талантбек Салиев Жогорку Кеңештин залына келип, депутаттын суроосуна жооп берди.