• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Парламенттин социалдык комитетинин жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу бүгүн өтпөй калды

21 Кулжа 202114:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтмөк. Бирок кворум жок болуп, жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова: «Депутаттардын көбү жыйынга келбегенине байланыштуу кворум жок. Бүгүн 15:00дө Жогорку Кеңештин имаратында дезинфекциялоо иштери дагы жүрөт экен. Жыйынды кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алалы», — деди ал.

Комитет жыйынына келгендер бул сунушту колдоп, натыйжада жыйын кийинкиге жылдырылды.

Комитет жыйынында буга чейин президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралмак.

Количество просмотров: 125