• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Пашинян Армения ЖККУдан чыгарын айтты

13 Кулжа 2024 9:20 Бишкек Govori.TV

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын премьер-министр Никол Пашинян 12-июнда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кыйытты.

Оппозициялык депутаттардын эмне үчүн Армения бул уюмга нааразылыгын билдирип, бирок анын курамында кала берип жатканы тууралуу айтканына «Чыгабыз. Качан экенин чечебиз», — деп жооп берди.

Ал кайсы бир так датаны атаган жок, чечим качан бийлик зарыл деп эсептесе, ошондо кабыл алынарын айтты.

Жоопкерчиликти өлкөнүн мурдагы бийлигине жүктөгөн өкмөт башчы аларды жасалма альянс түзүп, келишимдеги милдеттенмелерин аткарбай коюшкан деп айыптады.

«А силер кандай деп ойлойсуңар? Кийинки кадам кандай болушу керек? Кайра артка кайтабыз дейсизби? Жок, башка жолубуз жок. Кам санабагыла, артка кайтпайбыз», — деди Пашинян.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан.

Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Количество просмотров: 60