• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Патенти жок иштеген мигранттарга Кыргызстанда айып пул салынат

19 Бугу 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

Коңшу өлкөнүн чек арага жакын айылдарынан келген мигранттар патентсиз иштесе айып пул төлөшөт. Бул туурасында Кыргызстандын Салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы Кыргызстандын иш берүүчү жарандарынан эмгекчи-мигранттарды жалдоодо алардан ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөсүз ишмердүүлүк жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан – 10 миң сом суммасында жана Салык кызматы тарабынан – 3 миң сом суммасында айып пул салынат (КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 57¹-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 217-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык).

Мигранттар иштөөгө уруксат берген документти аймактык салык органдарынан алса болот. 800 сомго 30 күндүк патент берилет.

Эске салсак, 2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Патентти аймактык салык органынан сатып алуу керек. Патенттин суммасы 30 календарлык күн үчүн 800 сомду түзөт.

Мында, чек ара жанындагы эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз режимди колдонуу мөөнөтү ичинде патенттин негизинде жеке эмгек ишмердигин жүргүзө алат.

Количество просмотров: 117