Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн сүйлөшкөн кызы Юлия Вавилованы Кыргызстанды ӨКМдин тик учагы менен учуп кооз жерлерди кыдырткан. Буга ал 1 миллион рублдей каражат короткон. Бул тууралуу kaktus.media жазды.
SHOT Telegram каналынын маалыматы боюнча, учуу жашыруун болгон.
Маалым болгондой, Дуров Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сегиз кишилик тик учакты саатына 3 миң долларга ижарага алган. Алар үч саат учуп, жалпысынан Дуров 1 миллион рублга жакын акча төлөгөн.



Кошумчалангандай, алар Кыргызстандын кооз жерлерин эки вертолет менен кыдырышкан. Дуров менен Вавилова 8 орундуу чоң тик учакта ала эми алар менен чогу келген белгилүү блогер Хусейн Гасанов кичирээк, төрт орундуу тик учак менен жүргөн.
Эске салсак, Telegramдын негиздөөчүсү Ысык-Көлгө 12-13-июнь күндөрү келген.
Белгилей кетсек, Павел Дуров 24-августтун кечинде Францияга Азербайжандан учуп барган учурда кармалган. Париж прокуратурасы Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жактанын билдирген.