Париж прокуратурасы Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуров 12 кылмышка тиешеси бар деп шектелип жактанын билдирди.
Маалыматка ылайык, Дуров төмөнкү кылмыш иштеринин алкагында кармалган:
Уюшкан топтордун мыйзамсыз келишимин ишке ашыруу үчүн онлайн-платформаларды башкарууга катышуу;
Укук коргоо органдарынын сурамы боюнча тергөөгө керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартуу;
Жашы жете электер менен тартылган порнографиялык контентти сактоого катышуу;
Мындай контентти таркатууга катышуу;
Маңзат таратууга жана сактоого катышуу;
Киберкылмыштарга катышуу;
Уюшкан кылмыштуу топтун курамында алдамчылыкка катышуу;
Оор кылмыш жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө баруу;
Акча адалдоо;
Лицензиясыз криптологиялык кызматтарды көрсөтүү;
Криптологиялык жабдууларды алдын ала декларациядан өткөрбөстөн жеткирүү;
Мындай жабдууларды импорттоо.
Эгер Дуровго бул айыптоолордун баары тагылса, анда ал ондогон жылдарга соттолушу мүмкүн.
Франциянын Ofmin агенттигинин башкы катчысы Жан-Мишель Берниго Дуровдун кармалышы мессенжердеги контенттин, өзгөчө балдар порнографиясынын начар модерациясына байланыштуу экенин билдирди.
24-августтун кечинде француз телеканалдары Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү, миллиардер Павел Дуров Азербайжандан учуп келген учурда кармалганын кабарлаган.