Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
69 жаштагы Перунун экс-президенти Алан Гарсия Лимадагы үйүнөн атынып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Такталган маалыматка ылайык, ал Бразилиянын курулуш компанияларынын биринен 100 миң доллар пара алды деп айыпталган.
Полиция кызматкерлери кармап кетүүгө келген учурда, өзүн-өзү башка аткан. Даарыгерлердин көрсөткөн ыкчам жардамы жыйынтык бербей, натыйжада ал ооруканадан көз жумган.
Кошумчалай кетсек, Алан Гарсия Перу мамлекетин 1985-1990-жылдары жана 2006-2011-жылдары башкарган.