Санкт-Петербург шаарындагы Street Food Bar кафесинде Владлен Татарский деген ысым менен белгилүү блогер Максим Фоминдин чыгармачыл кечеси өтүп жатканда жардыруу болду.
Орус басылмалары жардыруудан Татарский каза болуп, дагы 16 киши жараат алганын кабарлашты.
ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме кылып, жардырууну уюштургандардын максаты – чыгармачыл кечесин өткөрүп жаткан Владлен Татарскийди өлтүрүү болгонун жазды. Маалыматка караганда, колго жасалган жардыруучу жабдык ага тартууланган айкелченин ичине катылган.
Орусиянын басылмалары Татарскийдин кечесине 100гө жакын киши катышып жатканы маалымдашты.