• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Петровкада BMW унаасы сүзгөн кыз каза болуп калды

30 Чын куран 202214:19 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Москва районунда BMW унаасы сүзгөн кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаракат алган кыз оор абалда Москва райондук ооруканасына жеткирилип, бүгүн эртең менен каза болгон.

Эске салсак, 29-апрель күнү саат 21:00 чамасында Москва районунун Петровка айылында BMW-5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан 23 жаштагы Д.Г. аттуу кызды сүзүп, андан ары качып кеткен. Айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 185