• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Петрушевский үй камагына чыгарылды

4 Теке 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Бишкек мэриясынын алдындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды.

Биринчи Май райондук сотунан маалымдашкандай, чечим тергөөчүнүн сунушунан кийин кабыл алынган. Петрушевский ден соолугуна байланыштуу эми 6-августка чейин үй камагында болмокчу.

Белгилей кетсек, Петрушевскийге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин («Пайда көрүү максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде айып тагылып, 6-июнда колго түшүрүлгөн.

Алгач үй камагында болуп, 27-июнда соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 24