Кыргызстанда пиязды экспорттоого чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
«Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартынын № 111 токтому менен 2023-жылдын 3-мартынан тартып пиязды Кыргыз Республикасынан аймагынан сыртка чыгарууга болгон убактылуу чектөө алынды»,-деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, январь айында бардык Борбор Азия өлкөлөрүндө пияздын баасы кескин көтөрүлгөн. Мындан улам Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан пиязды сыртка экспорттоого үч айга тыюу салган.