• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Пневмониядан 29 бейтап каза болду

13 Теке 202010:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 165 бейтап пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам.
“Март айынан бери жалпы пневмониядан каза болгондордун саны – 452 адамды түздү”, — деди Акматова.

Количество просмотров: 170