• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Подиумда басып бара жатып жыгылган жигит ошол жерден көз жумду (видео)

29 Чын куран 201911:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Талес Соарес аттуу модель Сан-Паулу шаарында (Бразилия) өтүп жаткан мода жумалыгы учурунда подиумда басып бара жатып жыгылып, ошол жерден көз жумду. Бул тууралуу Folha de São Paulo басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

https://youtu.be/s5_AkcL_O2Y

«Алгач муну көрүүчүлөр шоунун бир бөлүгү деп ойлошкон. Бирок модель ордунан турбай, бир маалда денеси калтырап, оозунан ак көбүк чыга баштаган», — деп айтылат макалада.

Медиктер ага жардам көрсөтүп, бирок сактап кала алышкан эмес.

Модель жигит болгону 26 жашта болчу.

Количество просмотров: 27