• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Политехте доцент кармалды

20 Жетинин айы 202517:25 Бишкек Govori.TV

УКМК жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

«Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында КМТУнун айрым окутуучулары студенттерге чет өлкөлүк университеттерден жасалма академиялык аныктамаларды жана транскрипттерди бергени, анын негизинде 200гө жакын студент КМТУга мыйзамсыз которулганы такталган.

Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында КМТУнун кафедра доценти Ш.А.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз ишке катышкан КМТУнун башка окутуучулары жана администрация кызматкерлери аныкталууда», — деп жазылат маалыматта.

УКМК коррупциялык иштерге катышкан жарандар, статусуна же социалдык абалына карабастан, учурдагы КР мыйзамдарына ылайык, сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 145