Милиция кызматкерлери митингди чагылдырып жаткан “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Эркайым Асанканованы кармап, кайра бошотту. Бул тууралуу аталган редакциядан билдиришти.
Милиция кызматкерлери журналист Ички иштер министрлигинин алдындагы митингди түз эфирде чагылдырып жаткан жеринен кармап кеткен.
Эске салсак, бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинин алдында “2023-жыл адилеттиктин жана мыйзамдуулуктун жылы болсун” деген аталышта акция өттү.