Балыкчыдагы көл жээгин көрктөндүргөн Green City командасы ал жакка орнотулган Посейдон менен Зевстин айкелдери боюнча комментарий берди.
«Бардык жерде грек кудайларынын айкели орнотулду деп жатышат. Мунун баары искусство, болгону айкел. Балыкчыга ушинтип туристтерди тартабыз. Баарыбыз мусулманбыз, Аллах бирөө. Болгону Посейдон брат менен Зевс брат. Мындай долбоор Кыргызстанда, дегеле дүйнөдө болгон эмес», — деди команданын өкүлү.
Жаңылык кечээ соцтармакта кызуу талкуу жараткан.