• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Премьер Абылгазиев: Жетекчи болуу оңой эмес

14 Үчтүн айы 2020 15:56 Бишкек Govori.TV

2020-жыл мамлекеттик органдар үчүн социалдык чөйрөдөгү чоң пландардын жана милдеттердин жылы болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди.   

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жыл балдарды колдоого багытталаганын белгиледи.

«Саламаттык сактоо министрлигинин алдына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмалар коюлду. 2019-жылы Өкмөттүн чечими менен өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган айрым категориядагы бейтаптар үчүн гемодиализ кызматы акысыз көрсөтүлүүдө.  Быйыл электрондук саламаттык сактоо чөйрөсүндө, өзгөчө дары-дармектин наркын жөнгө салуу маселесин жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүү керек. Перинаталдык борбор куруу зарыл. Билим берүү жана илим министрлиги мезгил чакырыктарын жана экономиканын талаптарын эске алуу менен, билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана илимди өнүктүрүү маселелерине көңүл буруш керек. Советтик, консервативдик трафареттик жана натыйжасыз системадан баш тартышыбыз зарыл», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр акыркы эки жылда республика боюнча 200дөн ашык мектеп жана бала бакча курулганын белгиледи.  Анын айтымында, мектепке чейин билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди күчөтүү керек.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга документ берүү иштерин улантуу, тиешелүү социалдык төлөмдөрдү камсыздоо маселелерин иштеп чыгуу зарыл.

«Быйылкы жылы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Ошондуктан ардагерлерге төлөмдөрдү, социалдык милдеттерди ишке ашыруу сыяктуу иш-чараларга көңүл буруу керек. 2019-жылы 2,4 млрд сом бөлүнгөн. Акыркы 2 жылда социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине 13 категория боюнча айлык акы жана стипендиялар жогорулатылган. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы Олимп оюндары өтөт. Мамлекеттик органдардын спортчуларды тийиштүү колдоону камсыз кылуулары маанилүү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жүргүзгөн иштер тууралуу калкка сапаттуу жана кеңири маалымдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«2020-жыл – зор пландардын жана милдеттердин жылы. Жетекчи болуу оңой эмес. Ар бириңерден өлкөнүн тагдыры жана жарандарыбыздын келечеги көз каранды. Бул факт жоопкерчиликти эки эсе арттырат. Реформа жасоо – бул дайыма татаал процесс, ал коомдо көп маанилүү кабыл алынат. Бирок бул гүлдөп-өсүүгө жана бакубатчылыкка алып бара турган жападан жалгыз жол. Бул маселеде биз Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдү жана реформаларды туура түшүнүү менен кабыл алуусу үчүн жарандарга ыраазычылык билдиребиз. Алдыбызда чоң милдеттер жана жаңы чакырыктар турат. Жоопкерчиликтүү жаратман ишибиз аркылуу коюлган бардык максаттарга жетебиз деп ишенем», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Количество просмотров: 84