Бүгүн, 21-июлда республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары айтылды.
«Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги менен биргеликте колдонулбай турган имараттарды тез арада оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө тийиш. Алар бир айдын ичинде медициналык мекеме катары иштей башташы керек. Ооруканалар 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30 орун реанимациялык орун болсун», — деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
Жыйындын жүрүшүндө республикалык ыкчам штаб тарабынан берилген аймактарда кошумча орундарды даярдоо боюнча тапшырманын аткарылышы талкууланып, премьер-министр Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилеринин бул багыттагы ишине сын айтты. Ошондой эле отурумда тармактык мамлекеттик органдарга эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди.