• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Премьер-министр Бишкек мэрлигине талапкер көрсөткөн эмес

26 Теке 201814:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07. 2018. Govori.TV
«Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер көрсөтүү боюнча сунуш түшкөн жок». Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев  шаардык кеңештин жыйыны учурунда айтты.
“Биз, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция өз ара кеңешүүлөрдөн кийин бирдиктүү талапкер катары Азиз Суракматовду алып чыктык. Ал эми оппозициялык азчылыктагы фракциядан башка талапкер көрсөтүлгөн жок. Шайлоо мыйзамдарына ылайык алдыда дагы жетиштүү мөөнөт бар, атаандаш талапкер чыкса болот, депутаттар карап көрүшөт”,-дейт ал.
Эске сала кетсек,13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон. Ошол күнү экс-мэр УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишине ылайык камакка алынган.
Количество просмотров: 12