• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Премьер-министр «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти менен жолугушту

30 Жетинин айы 2019 11:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту.

Жолугушууда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын, анын ичинде Стратегиялык келишимдин күчүнө киргенин эске алганда, Кумтөр ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9​ айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү.​ Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Скотт Перри тараптардын ортосундагы байма-бай байланыш Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжалуулугун арттыраарын жана Кыргызстандын «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акцияларынын пакетининин наркына, бүтүндөй эле компаниянын баасына оң таасир этерин белгилешип, Стратегиялык келигимди жүзөгө ашыруунун алкагында мындан аркы төлөмдөр маселеси боюнча пикир алмашышты.

Ошону менен бирге Премьер-министр Centerra Gold Inc. президентинин алдында өз пикиринде өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүүнү эки жактуу колдоонун кошумча далили катары кызмат өтөйт деп эсептеген бир катар маселелерди белгилеп өттү.

Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Мындан тышкары Премьер-министр Рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргыз Республикасына көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт зарыл делген кепилдиктерди берүүгө жана Фонддун каражаттарын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча бардык шарттарды ыкчам тартипте макулдашууга даяр. Мухаммедкалый Абылгазиевдин ою боюнча, кен жабылганга чейин бул каражаттарды Кыргызстанга жайгаштыруу жана ата мекендик чакан, орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу колдонуу максатка ылайык. Ал Өкмөт Кыргызстандын кен тармагында иштеп жаткан бардык компанияларга мындай ырааттуу мамилени жасоо ниети бар экенин баса белгиледи.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

Количество просмотров: 69