• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгын моюнга алды

24 Үчтүн айы 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коопсуздук кеңешинин буга чейин болгон үч жыйынында кабыл алынган чечимдер өкмөт мүчөлөрүнүн шалаакылыгынан улам толук аткарылбай калды деп эсептейт. Ал бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып мамлекеттик кызматкерлерде аткаруучулук тартип жок экенин айтты. Премьер-министрдин жыйында өкмөт санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңештин чечимдеринин 85% аткарылганын, ал эми тоо-кен тармагы боюнча 50% ашыгы аткарылганын билдирди:

Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн аткаруучулук тартибинде маселе бар. Жасалбай калган иштердин көбү өзүбүздүн шалаакылыгыбыз жана көңүл кош мамилебиз болуп жатат. 22-январда жыйын кылып, 49 адамга чара көрүү жөнүндө чечим кабыл алдык», — деди Абылгазиев.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 488