• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Премьер-министр: Оорулуу менен катнашта болгон акыркы адамды аныктамайын, карантинди токтото албайбыз

11 Чын куран 2020 22:15 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, адамдар ортосундагы байланышты минималдштыруу боюнча аракеттер – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы.

«Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100% жок деген ишеним керек. Бүгүнкү күндө бардык медициналык дары-дармектер жана жабдуулар жетиштүү, бирок запастарды убагында толтуруп туруу керек. Ошол үчүн дагы ала турган муктаждыктардын эсеби күн сайын чыгарылып жатат. Өкмөт медициналык кызматкерлерди тийиштүү каражаттар менен камсыздоого жана коронавируска каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00 — 7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.

Количество просмотров: 910