• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Премьер-министр Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан кетирди

10 Кулжа 2019 19:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык кол койгон буйруктун негизинде Абдраимов Туйгунаалы Дүйшеналиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Буга чейин, Өкмөт башчы, Мухаммедкалый Абылгазиев бардык жагдайлар такталгандан кийин өкмөттүн Чүйдөгү өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берүү маселесин карайт. Бул тууралуу өкмөт башчынын катчысы Адилет Султаналиев билдирген.

«Премьер-министр мындай даражадагы мамлекеттик кызматкер менен журналисттин ортосунда ушундай кырдаал жаралганына өкүнөт. Мындай жагдайлар бүткүл аткаруу бийлигине көлөкө түшүрөт», – деди катчы. 

Эскерте кетсек, Туйгунаалы Абдраимов Ороктогу айылындагы жаңжал боюнча айтып жатканда журналисттин узаткан суроосуна ал “Ала-Тоо 24” телеканалына гана жооп берээрин айтып,мунун себебин сураган журналистке “сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен”,- деп каткырып басып кеткен. Эмнеге анын кебетеси жакпай жатканын тактап сураганда “андай болгонуна мен күнөөлүү эмесмин да”,- деген бойдон жолун улаган.


Количество просмотров: 37