• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент Акылбек Жапаровдун өкмөтү туура нукта баратканын айтты

14 Теке 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратат. Бул тууралуу пикирин президент Садыр Жапаров 14-июлда өтүп жаткан жыйынында билдирди.

«Учурдан пайдаланып айткым келет, Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер Кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратканын белгилейм. Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет. Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч.  Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат. ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт. Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү. ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп.  Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз. Муну баса белгилеп айтышыбыз керек»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 171