• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысын алмаштырды

12 Бирдин айы 201915:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин башка Жарлыгы менен Абилов Улан Женишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.

Количество просмотров: 20