Бишкек. 07.04.2019. Govori.TV.
Бүгүн, 7-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди.
Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду.
Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.