• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент: Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн, коомубуздун алдында жоопкер

9 Бештин айы 2019 12:06 Бишкек Govori.TV

«Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эмес», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада.

Мамлекет башчысы белгилегендей, баардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды. Ошондуктан сот реформасын жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

«Ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу, аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл. Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал сот реформасынын ишке ашырылбай, артка жылдырылып келгени — өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедерги болгон тоскоолдуктардын бири болгонун, ошондуктан, эч кылчактабай, реформаны аягына чыгаруу керектигин белгиледи.

«Мамлекет бул иште сотторго ар тараптан колдоо көрсөтүп жатат. Ошол эле учурда, маселенин көбү соттордун корпусунун ичинде чечиле турганын, судьялардын өзүнө гана байланыштуу экенин — башкалар эмес, сиздер жакшы түшүнөсүздөр. Албетте, соттор көз каранды эмес болушу зарыл. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу керек. Бирок, сот бийлигинин көз карандысыздыгын — жеке судьянын өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн, коомубуздун алдында жоопкер», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 75