• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады

23 Бирдин айы 202015:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди эрдиктин, каармандыктын жана атуулдуктун  майрамы — Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайм. 

Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз. 

Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз. 

Коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат. 

Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм. 

Жараткан колдоп, ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык болсун!»

Количество просмотров: 168