• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси кылып дайындады

26 Бештин айы 2019 10:47 Бишкек Govori.TV

Президент Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын пресс-катчылыгы билдирет.

«Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-декабрда Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаров элчилик кызматта үзүрлүү иштейт деп айткан.

Мамлекет башчысы Бекназаровго кызматты өзү сунуш кылганын, “ушунча жыл оппозицияда жүрдүң, эки революциянын башында турдуң, ушул энергияңды мамлекетке иштеп бер” деп айтканын билдирди.

«Менин сунушум болду. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып, өз оюн элге жакса, жакпаса да айтып жүргөн адамдарды билем. Мисалы, эгемендиктин алгачкы жылдарында Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев болгон. Мен аларды сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Бекназаров кошулду. Ал тарыхый инсан. Алардын тагдыры оңой болгон жок», — деди президент.
Количество просмотров: 121