• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады

15 Чын куран 2023 17:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча жеңишке жеткен балбандарды куттуктады.

Мамлекет башчысы кыргыз балбандары келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң экендигин жазды.

«Жумашбек уулу Тайырбек Азия чемпиону болуп, Алмаз Сманбеков экинчи орунду алып, Орозобек Токтомамбетов менен Улукбек Жолдошбеков коло медаль жеңип алып, күйөрмандарын дагы бир жолу кубандырышты.

Бул азаматтарыбыз келечекте дагы көптөгөн жеңиштерге жетерине ишеничтер чоң.

Балбандарыбызды, Азия чемпионатында мыкты көрсөткүчкө жетишкен жалпы курама команданы дагы бир жолу куттуктап, машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем.

Алдыда сиздерди күтүп турган ири мелдештерде, анын ичинде Париж-2024 олимпиадага даярдыктарда ийгиликтерди каалайм!»- деди президент.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүп, Кыргызстандын куржунунда жалпы 14 медаль топтолду:

Грек-рим күрөшү боюнча 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло байге:

1-орун — Акжол Махмудов (77 кг);
1-орун — Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
1-орун — Акылбек Талантбеков (82 кг);
2-орун — Үзүр Жузупбеков (97 кг);
3-орун — Роман Ким (130 кг);
3-орун — Раззак Бейшекеев (67 кг);
3-орун — Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло байге:

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);
2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);
3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Эркин күрөш боюнча 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге:

1-орун — Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг);
2-орун — Алмаз Сманбеков (57 кг);
3-орун — Орозобек Токтомамбетов (70 кг);
3-орун — Улукбек Жолдошбеков (65 кг).

Количество просмотров: 62