• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президент бүгүн футбол боюнча достук оюнга катышат

17 Бештин айы 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган турнирдин башкы максаты өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Беттештерге Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат. Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Количество просмотров: 351