• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Бабанов саясаттан кеткени тууралуу өз пикирин айтты

25 Бештин айы 2019 11:44 Бишкек Govori.TV

«Өмүрбек Токтогулович президент шайлоодо атандаш болгон. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Анан ал келгенде менин атым да айтылып кетти… Бирок саясаттан кеткени менен ал таза саясатчы экенинин накта үлгүсүн көргөздү. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы кандай болот убакыт көрсөтөт», — деди президент

«Республика” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов саясий ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу ал, 20-декабрда партиянын съезди учурунда айтты.

Бабанов өз сөзүндө байракты жаштарга тапшыра турганын айтып, саясий долбоорун жыйынтыктаганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Количество просмотров: 522