• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президент Бишкек мэриясынын муктаж болгон жарандарды колдоо иши менен таанышты 

20 Чын куран 2020 15:04 Бишкек Govori.TV

Президен Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, Бишкек шаар мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Мамлекет башчысы «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына барды. Бул ишкананын базасында борбор калаанын Октябрь районунда жашаган муктаж жарандар үчүн Өкмөт, муниципалитет тараптан жана ишкер чөйрө менен эл аралык фонддордон келип түшкөн гуманитардык жардам таңгакталып, бөлүштүрүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул сыяктуу борборлор шаардын бардык райондорунда ачылып, жардамга муктаж 85 миң үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөнүн айтты.

Муниципалитет жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүнүн экинчи этабына киришип жатат.

Бүгүнкү күндө борбор калаанын 42 миңден ашык жардамга муктаж үй-бүлө, Бишкек шаарына жакын жашаган Чүй облусунун 2,5 миң үй-бүлө азык-түлүк топтому менен камсыз болду.

Өкмөт тарабынан 300 тонна ун бөлүндү. Жакынкы мезгилде дагы 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң азык-түлүк топтомун бөлүү мерчемделүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул максатта жалпысынан 16 миң азык-түлүк топтому бөлүнүп берилет.

Ошондой эле бизнес коомчулугу менен эл аралык кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү дагы чоң колдоо көрсөтүп жатышат.

Президент азыркы тапта өлкө боюнча облустардын, райондордун, шаарлардын бардык жетекчилери чоң сыноодон өтүп жаткандыгын айтты.

«Мамлекеттик бийлик органдары үчүн бул — татаал сыноо. Мына ушундай катаал кырдаалда кимдин ким экендиги билинет. Бишкекте карантиндин алгачкы күндөрү көп мүчүлүштүктөр болду. Азыр кемчиликтер жоюлуп, зарыл иштер ырааты менен жүргүзүлүп жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент учурдагы абалды туура түшүнүп, тартипти сактап жаткан кыргызстандыктар коронавирустун мындан ары таралышына каршы күрөшкө баа жеткис колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков мекендештерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

«Азыркы карантин учурунда ким кандай колдоого муктаж экенин так, даана билебиз. Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйынчылыктарды көрүп жатат. Калкты тейлөө тармагында иштегендерге да оңой болгон жок. Эми, азык-түлүк жагынан колдоого астейдил көңүл буруу керек. Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз кайсы бир мамлекеттерге караганда чектелүү болушу мүмкүн, бирок биз өз жарандарыбызды ушундай кырдаалда колдоп алууга дараметибиз жетет», — деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Президент эч ким көңүл сыртында калбай тургандыгын, керектүү резервдер бар экендигин дагы бир жолу айтты.

«Өкмөт, жергиликтүү бийлик бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жардамга муктаж жарандарыбыз менен иштеп жатат. Ошондой эле эл аралык фонддор, бизнесмендер, колунда бар жарандарыбыз жакындан жардам берип жатышат. Бул жумуш токтобойт, уланат. Жергиликтүү бийлик жетекчилери эл менен болуп, жардамга муктаждарга кечиктирбей кол сунуп туруусу талап кылынууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жардам ар бир муктаж болгон үй-бүлөгө жана жаранга көрсөтүлүшү керектигин эске салды.

«Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө. Жардам берүүдө «каттоодо жок» деген шылтоо болбосун. Жардам жарандын жашап жаткан жеринен берилгендей болсун. Муктаждыкка жараша дагы каражаттарды жумшайбыз», — деп айтты Президент.

Количество просмотров: 477